БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ички чарбалык ирригациялык тутумдардагы ирригация чөйрөсүндө, сууну пайдалануучулар ассоциациясынын жоопкерчилик зонасында экономикалык туруктуу шарттарды түзүү максатында бир нече мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.
Анда Суу кодексине, Эреже бузуулар жөнүндө кодекске, Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана суу пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизилиши керек эле.
Айыл, суу чарба жана региондорду ѳнүктүрүү министрлигиндеги тегерек столдо кызуу талкуудан кийин учурда сунушталып жаткан мыйзам долбоору министрлик тарабынан колдоого алынды.
"Ички чарбалык ирригациялык тармакты куруу, оңдоо, колдонуу, жана сугат акысын топтоо мамлекет тарабынан тейленбейт. Андыктан сунушталган мыйзам ѳтѳ зарыл, ал коомдук талкуудан ѳтүшү керек. Биздин дыйкандар менен суу пайдалануучулар үчүн ѳтѳ керектүү мыйзам болот деп ойлойбуз", — деди айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов.
Өлкөдөгү жалпы сугат аянтынын 73 пайызын түзгөн 750 миң гектар жерди сугарууга жоопкер болгон Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын (СПА) ишмердүүлүгү учурда реформага муктаж экендиги айтылды. СПАлар — коомдук жеке уюмдар, учурда Дүйнөлүк банктан келген насыяны жабууга талап кылынган сумманын 17 пайыздан ашпаганын гана төлөй алышкан.
Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин СПАларды колдоо жана ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы Абдубалы Кадырбековдун айтымында, 2000-жылдан бери өлкө боюнча 496 СПА пайда болсо, болгону 136 СПАда донорлор аркылуу реабилитация жүргөн.
"Эки жылдан бери талкуу кылып жүрдүк, көйгөй бар. Дотациядан чыгып калган айыл ѳкмѳттѳрү деле ички чарбалык каналды оңдоого бюджеттен каржы бѳлѳйүн десе мыйзам жол бербейт. Айрымдары ушул боюнча суракта жүрѳт. Бардыгын мыйзамдаштырып, СПАлардын ишин жакшыртууга жол ачып берүү маанилүү. Анан СПАларга субсидия берүү жагын чечишибиз керек", — деди Кадырбеков.
Мырза-Суу СПАсын үч жылдан бери жетектеп келген Рахман Жороев өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, насыяны төлөө, сууну жеткирүү, төлөмдөрдү чогултуудагы кыйынчылыктарын айтып берди.
"Сууну аягына чейин жеткире албайбыз. Биздин СПА туруктуу иштейт, бухгалтериябыз бар, жылдык пландарды түзѳбүз. Бюджетибиз 453 миң сом, бирок анын 70 пайызы гана ѳнѳт. Мунун айынан пландарыбыз аткарылбай калат. Жамгыр жаабай турса экен деп жылда тилейм, себеби бизге өтүп кеткен сел каналды жууп кетет. ӨКМ, айыл ѳкмѳттөр биздин балансыбызда болгону үчүн жардам бере албайт. Айылыбыздын 300-400 гектарына суу жетмеги азап, андыктан дыйкандар сугат суу төлөмүн бербейт. Өзүнө суу жеткире албагандан кийин аларга чара да колдоно албайсың. Кѳрүнгѳндѳн карызга акча алабыз. Ушул көйгөйлөрдөн чыгыш үчүн мыйзам долбоору ѳтүп калса, маселелер чечилет эле деп ойлоймун", — деди Жороев.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, дал ушул ички чарбалык сугат каналдарын каржылоо булактарын кеңейтүү — негизги реформалардын бири. Мындай өзгөрүүлөр болбосо, сугат суунун жоготуулары азайбайт, каналдар калыбына келтирилбейт, дыйкандар түшүмүн жоготууну улантышат жана сугат кызматы үчүн акы толук чогулбай кала берет.