Садыр Жапаров обочолонуп иштөө режимине өттү. Себеби

Өлкөдөгү бардык окуялар, анын ичинде социалдык-экономикалык маселелер мамлекет башчынын көзөмөлүндө болору белгиленет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров убактылуу аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Ал мурда пландаштырылган эл аралык иш-чараларга байланыштуу, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен санитардык талаптарды сактоо максатында обочолонуп иштей турганы айтылат.
Маалыматта өлкөдө болуп жаткан бардык окуялар, анын ичинде социалдык-экономикалык маселелер мамлекет башчынын көзөмөлүндө болору белгиленди.