Москва эки жыл ичинде суюлтулган газ рыногунда секирик жасашы толук ыктымал. Буга ири улуттук долбоорлор ыңгайлуу шарт түзүүдө. Байкоочулар Россия АКШны Европа рыногунан сүрүп чыгарар мезгил алыс эмес экенин боолголоп жатышат. Тармакта түзүлүп жаткан кырдаалга РИА Новости сереп салды.
Катар Азияны "бербейт"
Мартта америкалыктар чет жакка күнүнө 10,5 миллиард куб фут суюлтулган газ жөнөтүп турганын АКШнын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык маалымат башкармалыгы билдирди. Апрелде 9,2ге жеткени менен бул жаздын башына карата абсолюттук максимум болуп саналат.
Докладда былтыр жана быйылкы жылдын январь айында АКШ экспорттогон суюлтулган газдын басымдуу бөлүгү Азияга туура келип жатканы айтылат. Бирок февраль жана март айларында жарымын Европа ала баштаган. Буга споттук баа Азияныкы менен теңеле түшкөнү себеп болгон.
"Майда 8,6 миллиард куб метрге түшөт деп боолголоп жатабыз, андан кийин жайында Европа менен Азиянын муктаждыгын жабуу үчүн 9 миллиард кубдан ашат деген ишеним бар", — деп айтылат документте.
Эл аралык энергетика агенттиги 2024-жылга чейин америкалыктар бул багытта лидер болушу мүмкүн экенин четке какпайт. Агенттиктин эсеби боюнча АКШ, Австралия жана Россия биригип колдонгон суюлтулган газдын көлөмү дүйнөлүк экспорттун 90 пайызга чейин жогорулашын шарттайт. Баса, лидерлик өзүнчө талкуулай турган кеп.
Азияны АКШнын басып алуусуна Катар жол бербейт. Бул мамлекет 2020-жылы 77,6 миллион тонна суюлтулган газ экспорттогон, бул жалпы көлөмдүн 26,5 пайызын түзөт. 2024-жылга чейин бул өлкөнүн өндүрүшү эки эсеге көбөйүшү мүмкүн. Февралда Дохада Түндүк кенинин чыгыш бөлүгүнө иштетүү боюнча инвестициялык чечим кабыл алынды. Бул өтө ири долбоор.
Катарды такымдап 26 пайыз менен Австралия келе жатат. Үчүнчү жана төртүнчү орундарды АКШ (14,7) менен Россия (10) ээлөөдө. 2019-жылы Россия Европа менен Азияга америкалыктарга караганда көбүрөөк экспорттогон. Жакынкы жылдары атаандаштык курчуп, Москванын биринчиликке чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Мында кеп Арктикадагы ири запаста.
Артыкчылыктуу багыт
Түндүк Муз океанынын нефть жана газ ресурстарын этап-этабы менен өздөштүрүү Россия бийлигинин 15 жылдан берки приоритети. Мартта Министрлер кабинети суюлтулган газды өндүрүүнү жолго койгон узак мөөнөттүү программа бекитти. Эми 15 жылдын аралыгында өндүрүштүн көлөмү үч эсеге көбөйөт деген ишеним бар.
Эгер АКШ сланец өндүрүшүнөн улам ири экспортёр аталса, Россияга Арктика жардам берерин Американын нефть жана газ боюнча аналитика жүргүзгөн OilPrice басылмасы жазды. Аймактагы запас абдан көп — 35,7 миллиард куб метр жаратылыш газы жана 2,3 миллиард тонна нефть менен конденсат бар.
Көңүл чордонунда "Новатэканын" "Ямал СПГ" жана "Арктик СПГ-2" долбоорлору турат. 21 миллиард долларга бааланган "Арктик СПГ-2" долбоору 2023-жылы ишке кирет, үч жылдан кийин жылына 20 миллион тонна чыгарган көрсөткүчкө жетери пландалган.
Марттын соңунда долбоор 39 пайызга каржыланган. Быйыл дагы алты миллиард салуу пландалып жатат, бул былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге көп акча. Инвесторлордун катарында Франциянын Total, Кытайдын CNPC, CNOOC компаниялары жана Япониянын Mitsui & Co менен JOGMEC корпорациялары бар.
"Арктик СПГ-2" долбоорунда ар бири жылына 6,6 миллион тонна суюлтулган газ жана 1,6 миллион тоннага чейин газ конденсатын өндүргөн үч линиянын курулушу каралган. Ресурстук базасы — Ямало-Ненец автономдуу округундагы Гыдан жарым аралында жайгашкан Утреннее кени. Биринчи линия 2023-жылы, экинчи жана үчүнчүсү 2024 жана 2026-жылдары ишке кирмекчи.
OilPrice божомолдоосунда, кендин ийгиликтүү иштетилишинен "Новатэк" рынокко жылына 100 миллион тонна суюлтулган газ сунуштай алат. Бул көлөмгө компания 2030-жылдан кийин жетишет. Мында ресурстардын өздүк баасы кыйла төмөн болору айтылды.
Энергетика министри Александр Новактын баамында, Россия 2025-жылга карата жылына 68 миллион тонна суюлтулган газ өндүрүүгө жетишип, дүйнөлүк рыноктогу үлүшүн 25 пайызга жакындата алат.
Оор сокку
OilPrice аналитиктери Россия Американын Европадагы позициясына кубаттуу сокку даярдап, атаандашын таптакыр сүрүп чыгарууга жөндөмдүү деп эсептешүүдө. Москва эки багытта чабуул жасайт: европалыктар үчүн Россиянын түтүк менен келчү газы эле эмес, суюлтулган газы да пайдалуу.
"РФтин суюлтулган газы Евробиримдик үчүн эки жагынан пайдалуу: АКШга караганда жол жакын жана арзан. Энергетикалык көз карандысыздыкка умтулган Литванын суюлтулган газды Россиядан алып жатканы бекер эмес. Башка аргасы жок, Норвегиянын башка кардарлары бар, океандын ары жагынан ташуу кымбатка түшөт", — деди көз карандысыз өнөр жай эксперти Леонид Хазанов.
Тобокелчиликтер
2025-жылга чейин дүйнөлүк рынокто суюлтулган газ ашыкча экенин эске алсак, баа көтөрүлөт деп айтууга болбойт.
"Арктик СПГ-2" 2023-жылы ишке кирет, буга чейин өндүрүш жылына 650 миллиард куб метрге жетет (2016-жылы 452 болчу). Бааны төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк көбөйөт", — деди "Тольяттиазот" ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү, эксперт Николай Неплюев.
Анын айтымында, "Арктик СПГ-2ге" товарды сатууга жардам бере турган узак мөөнөттүү келишимдер ашыкча болмок эмес.
Ал эми өндүрүш жана экспорт жаатында кеп кыла турган болсок Россиянын атаандашы АКШ экени анык. Марттагы рекорддоруна карабастан америкалыктар рыноктон башкаларды сүрүп чыгара албайт.
"Россия аталган тармакта ири оюнчу болууга камынып жатканын тааныш керек", — деп жазылат Оксфорддун энергетикалык иликтөөлөр институтунун докладында.
Ошону менен бирге Россиянын суюлтулган газы өзүнүн эле түтүк менен келчү газына атаандаштык жаратып калбайбы деген да суроо туулат. "Кремль суюлтулган газ секторунун өнүгүшүнө басым жасоодо" дешкен докладдын авторлору.
Эксперттер россиялык экспорт диверсификацияланганын да белгилешүүдө. Басымдуу бөлүгү Азия-Тынч океан регионуна, дагы бир бөлүгү түтүк газы жетпеген европалык өлкөлөргө бөлүштүрүлгөн.