Жапаровдун маалымат саясатын Эрбол Султанбаев менен Нурай Марс тескемей болду

Буга чейинки жетекчилер Нуркамал Асканова менен Галина Байтерек бүгүн кызматтан алынганы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп Нурай Марс дайындалды. Бул тууралуу администрациядан билдиришти.
Нурай Марс
Бул кызматты буга чейин Нуркамал Асканова аркалап келген. Ал эми Нурай Марс Улуттук банктын маалымат кызматында иштеп жаткан.
Президенттин маалымат катчысы болуп Эрбол Султанбаев дайындалды. Ал буга чейин президенттин маалымат кызматынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенип жүргөн.
Эрбол Султанбаев
Мамлекет башчынын буга чейинки маалымат катчысы Галина Байтерек ордун тапшырып, администрациядагы жетекчилик кызматка бекитилди.