Радио

Алакунов: пестициддердин 85 пайызы Кытайдан алып келинет

Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин өсүмдүктөрдү коргоо жана пестициддерди каттоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Алакунов жакынкы учурда айыл чарбасын органикага өткөрүү мүмкүн эместигин белгиледи.
Sputnik
Өлкөдө жылына 600 тоннанын тегерегинде пестицид колдонулат. Мунун баарын камсыздоого мүмкүндүк бар. Бул тууралуу Алмаз Алакунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, пестициддер толугу менен сырттан импорттолуп, анын 85 пайызы Кытайдан келет.
"Дүйнөдө отоо чөп, зыянкеч курт-кумурскалар жана ар кандай илдеттерден улам түшүмдүн 25 пайызы алынбай келет. Башкача айтканда, ар бир төртүнчү дыйкан отоо чөптөрдү багат. Ошондуктан өсүмдүктөрдү коргоого өзгөчө көңүл бурулат. Отоо чөптөр кадимки өсүмдүктөрдүн атаандашы. Мындан улам аларга каршы 20-жылдардан тарта химикат колдонула баштаган. Отоо чөптөргө каршы гербициддер, зыянкеч курт-кумурскаларга инсектициддер жана козу карын илдеттеринен коргонууга фунгициддер колдонулат. Мунун баары жалпылап пестициддер деп аталат. Учурда өлкөдө пестициддерге болгон талап жылына 600 тоннанын тегерегинде болсо, аны толугу менен камсыздоого мүмкүндүк бар. Кыргызстандан пестициддер чыгарылбайт, мындан улам 100 пайыз сырттан импорттолот. Алардын 85 пайызы Кытайдан, 10 пайызы Россиядан, беш пайызы Европадан жана Түркиядан алып келинүүдө", — деди Алакунов.
Ошондой эле ал агро-химикаттарды ашыкча колдонуу зыян экенин кошумчалады.