Жыл башынан бери алтын экспорттоо 1,7 тоннага кыскарды. Статистика

2021-жылдын январь-март айларында 140,3 миллион долларга бааланган алтын экспорттолгон. Бир жыл мурда бул көрсөткүч 212,9 миллион долларга жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстандан алтын экспорттоонун көлөмү былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 1,7 тоннага кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Тагыраагы, 2021-жылдын январь-март айларында 140,3 миллион долларга бааланган 2 тонна 448,9 килограмм алтын сатылган. Бир жыл мурда бул көрсөткүч 4 тонна 183,9 килограммга (212,9 миллион доллар) жеткен.
Парламент Кумтөрдү тышкы башкарууга алууга макулдук берди
Быйыл алтын өндүрүү кыскарарын адистер 2020-жылы эле божомолдошкон. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, бул жылы Кумтөрдө казылган алтындын көлөмү 4,3 пайызга чейин төмөндөшү күтүлүп жатат. Буга негизинен казуу иштери алтын азыраак зонага жеткени себеп болору айтылууда.
Ведомство өлкөдөгү ири кенде 2021-жылы жалпысынан 16 тоннанын тегерегинде алтын казылат деп божомолдоодо. Бирок буга чейин "Кумтөр Голд Компани" баалуу металл андан дагы азыраак (14,62ден 15,86 тоннага чейин) болорун айткан.