Галина Байтерек жетекчилик кызматка дайындалды

Галина Байтерек буга чейин президенттин маалымат катчысы болуп иштеп келген. Бүгүн, 18-майда, ал жаңы кызматка дайындалды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Галина Байтерек Кыргызстандын өлкө башчысынын администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. 
Белгилей кетсек, Галина Байтерек буга чейин президенттин маалымат катчысы болуп иштеп келген. Бүгүн ал бул кызматынан бошотулганы маалым болду.