Галина Байтерек президенттин маалымат катчысы кызматынан бошотулду

Байтерек мамлекет башчынын маалымат катчылыгына өткөн жылдын 29-октябрында дайындалып, жети ай иштеди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек кызматтан бошотулду. Маалыматты өзү Facebook баракчасы аркылуу тастыктады.
Ал бүгүн акыркы жумуш күнү экенин жазган.
"Ар кандай ушактарды алдын алып, Садыр Нуркожоевич менен адамдык жылуу мамилебиз жана жумуштагы жакшы ымалабыз сакталып каларын айтып кетейин. Алдыга коюлган бардык тапшырмаларды аткардым, алдыда дагы жаңы жумуш күтүп турат. Бирок ал тууралуу кийинчерээк кабарлайм", — деп жазган Байтерек.
Байтерек мамлекет башчынын маалымат катчылыгына өткөн жылдын 29-октябрында дайындалган.