Азамат Ногойбаев Бишкек ШИИББдин жетекчиси болуп бекиди

Шаардык милициянын буга чейинки башчысы Бакыт Матмусаев Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгынан улам иштен алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Азамат Ногойбаев бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп бекиди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ишенимдүү маалымат булагы билдирди.
Азамат Ногойбаев бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп бекиди
Жапаров администрациясынын бөлүм башчыларын дайындады. Тизме
Азамат Ногойбаев — милициянын полковниги. 1980-жылы 12-июлда туулган. Кыргызстандын ИИМ академиясынан юриспруденция адистиги боюнча билим алган. Ички иштер органдарында 1997-жылдан бери кызмат өтөп келет.