УКМК 59,5 млрд. сомду Кытайга чыгарып кетти деген шек менен эки адамды кармады

Кармалган кыргызстандыктар акча чогултуп Кытайдагы компаниялардын бирине мыйзамсыз түрдө жөнөтүп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандан 59,5 миллиард сомду чыгарып кетүүгө жана адалдаштырууга катыштыгы бар деген шек менен Х. К. Л. жана У. И. Ш. аттуу жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
"Дөө Чыңгыздын" адамы ишкерден 20 миң доллар алып жатып кармалды. Видео
Колго түшүрүлгөндөр Кыргызстандын жарандары. УКМКнын версиясы боюнча, алар акча чогултуп, банк аркылуу Кытайдагы компаниялардын бирине мыйзамсыз түрдө которуп турган.
Атайын кызмат кылмышка тиешеси бар башка адамдарды дагы издеп жатат. Алардын арасында мартта издөө жарыяланган Бактияр Жолдошбаев дагы бар.