Президент Жапаров алты өлкөнүн жаңы элчилери менен таанышты. Сүрөт

Өлкө башчысы элчилерге ар тараптуу жардам көрсөтүүгө, алардын жооптуу дипломатиялык кызматтагы иш-аракеттерин колдоого даяр экендигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, Пакистан, Афганистан, Өзбекстан, Венгрия, Түркия жана Казакстандын элчилери менен жолугуп, ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы ар бир элчини өзүнчө кабыл алып, алар менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, жакынкы келечектеги өз ара кызматташуунун артыкчылыктарын, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары тереңдетүү чараларын талкуулады. Ошондой эле саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуунун келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.
1 / 6
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, Пакистан, Афганистан, Өзбекстан, Венгрия, Түркия жана Казакстандын элчилери менен жолугуп, ишеним грамоталарын кабыл алды
2 / 6

3 / 6

4 / 6

5 / 6

6 / 6

Жолугушууга Пакистандын элчиси  Сардар Азхар Тарик Хан, Өзбекстандын элчиси  Хуршид Мирзахидов, Венгриянын элчиси Шандор Дороги, Афганистандын элчиси Бисмилла Вазири, Түркиянын элчиси  Ахмет Садык Доган, Казакстандын элчиси  Рапил Жошыбаев катышты.
Жапаров элчилерди дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, өлкөлөрдүн ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө кызмат кыла тургандыгына ишеним артты.
Президент чет мамлекеттердин элчилерине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө, алардын жооптуу дипломатиялык кызматтагы иш-аракеттерин колдоого даяр экендигин билдирди.