Парламент Кумтөрдү тышкы башкарууга алууга макулдук берди

Учурда жетекчилик кызматка Теңиз Бөлтүрүк жана дагы бир вариант катары Абыл Сыдыков даярдалып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду.
"Кумтөр Голд" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия үч айда корутундусун чыгарып, бүгүн ЖКнын кезексиз жыйынында талкууланды.
Натыйжада 91 депутат бир добуштан колдоп, каршы чыккандар болгон жок
Натыйжада 91 депутат бир добуштан колдоп, каршы чыккандар болгон жок.
Учурда жетекчилик кызматка Канададан чакырылган тоо инженери Теңиз Бөлтүрүк жана дагы бир вариант катары Мексикадан келген адис Абыл Сыдыков даярдалып жатканы айтылды.
Кабыл алынган токтомго ылайык, Кумтөр алтын кенин сырттан убактылуу башкарууга өкмөткө укук берилет. Ошондой эле токтомдун дагы бир пункту менен мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтү дагы үч айга узартылды. 

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.
Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.
Кумтөр боюнча келишимдерге кол койгон аткаминерлердин тизмеси
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы дооматты негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айткан. 11-май күнү УКМК "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.
Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.
Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.