БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Палестиналык качкындарга жардам берчү БУУнун Жакынкы Чыгыш агенттиги (БАПОР) Газа тилкесинин чек ара аймактарында жашагандардын ичинен 38 миң киши убактылуу баш калкалоочу жай сурап кайрылганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Газа секторуна Израилдин соккусу токтобой жаткандыктан агенттиктин мектептерине 38 миң палестиналык баш калкалоо үчүн кайрылды", — деп айтылат маалыматта.
Палестинадагы анклавда жайгашкан уюмдун өкүлү Аднан Абу Хасна эгер эскалация улана турган болсо, агенттик качкындар үчүн 50 жай (мектеп) ачуу планын иштеп чыкканын айткан.
Буга чейин БАПОР үй-бүлөлөрдү кабыл алуу үчүн өзүнүн мектептерин ачканын билдирген, ал мектептер дароо эле толуп калган. Палестиналык активист Манар Зааниндин айтымында, Израилге жакын жайгашкан аймактын тургундары үйлөрүн таштап кетүүдө.
Куралдуу кагылышуудан Газа тилкесинде 192ден көп адам каза болгон. Анын 58и балдар.
Ошол эле маалда палестиналыктар да Израилге сокку урууда. Мунун натыйжасында 10 киши көз жумуп, 50дөй адам оор жаракат алган.
Эске салсак, ЖМКлар Израиль сотунун чечими менен Чыгыш Иерусалимдеги Шейх-Жаррахта жашаган бир нече палестиналык үй-бүлө аталган аймактан чыгарылганын жазган. Буга палестиналыктар нааразы болуп, 7-майда жарандар (палестиналыктар) менен Израилдин полициясы кагылышкан. Тартип сакчылары Аль-Акс мечитине чабуул коюу үчүн атайын каражаттарды колдонушкан.
10-майда ХАМАС аталган аймактан аскерлерди чыгарып кетүү талабын койгон. Кечинде массалык түрдө ракета менен аткылоо башталган.