БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Өлкө боюнча бир сутка ичинде 259 кишиден коронавирус табылып, 284 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 100 732ге жетти.
Айыккандар:
Жалпысынан 93 886 бейтап дартты жеңди.
Тилекке каршы, өткөн суткада илдет дагы сегиз адамдын өмүрүн алды. Анын ичинен бешөө Бишкектен болсо, экөө Чүйдөн, ал эми бирөө Ысык-Көл облусунан. Жалпысынан коронавирустан 1 711 адам каза тапты. Өлкөдө үч күн катары менен бир суткада сегизден киши каза болуп, үч күндө эле оорудан 24 бейтап ажал тапты.
Кечээтен бери коронавирус сегиз медиктен аныкталганы айтылды.