Беловодское айылында кишини койдуруп, качып кеткен айдоочу кармалды

50 жаштагы жабырлануучу аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок эсине келбеген бойдон көз жумган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кечээ Москва районундагы Беловодское айылында айдоочу койдуруп кеткен киши ооруканага жеткенден кийин көз жумду. Бул туурасында Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан кабарлашты.
1 / 2
Кечээ Москва районундагы Беловодское айылында айдоочу койдуруп кеткен киши ооруканага жеткенден кийин көз жумду
2 / 2
Бул туурасында Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан кабарлашты
"Окуя Бишкек — Ош жолунда, Беловодское айылында 16-май күнү болжол менен таңкы саат 5:00дөр чамасында болгон. Айдоочу кишини койдуруп качып кеткен. Ал эми 50 жаштагы жабырлануучу аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок эсине келбеген бойдон көз жумган", — деп билдиришти аталган башкармалыктын маалымат кызматы.
Кырсыктан кийин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча облустук башкармалыктын кызматкерлери менен Москва райондук милициясы ыкчам түрдө кишини койдуруп кетти делген айдоочу менен автоунаасын табышкан.
"Ушул эле күнү автоунааны Кара-Балта шаарынын 25 жаштагы А уулу Э. аттуу жашоочусу айдап жүргөнү аныкталган", — деп айтылган маалыматта.
Иш Москва райондук ИИБине өткөрүлүп, ал эми Daewoo Labo автоунаасы айып короого токтотулду.