БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бүгүн кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымат берди.
Ага ылайык, Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында тургундар эртең менен үч тажик жаранын кармап, өлкө аймагында эмнеге жүргөнүн тактоо максатында милицияга жеткирип беришкен.
Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алышкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз жарандарынын сабалганы айтылып, ооруканага жөнөтүлдү.
Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин жеринде жолугуштурууну макулдашышкан.
Натыйжада эки облустун күч түзүмдөрү эл менен сүйлөшүп, эки тараптан тең кармалган адамдар бошотулган.
Өкүлчүлүк учурда аймакта абал тынч экенин, бирок эл кооптонуп жатканын кошумчалады.