Мурунку 4 президенттин тушунда Centerra канча алтын ташып кеткени айтылды

Буга чейинки төрт президенттин бийликтеги кезинде кендин ишин текшерген ар кандай комиссиялар түзүлүп, бирок майнап чыкпаганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров кайсы президенттин тушунда канча алтын казылганы туурасында маалымат берди.
Маалыматка ылайык, буга чейинки төрт президенттин тушунда Кумтөрдөн төмөнкүдөй көлөмдө алтын сыртка ташылып кеткен:
"Бардык президенттердин тушунда Кумтөр боюнча ар кандай комиссиялар түзүлгөн. Бирок олуттуу майнап чыккан эмес. Кыскасын айтканда, Кыргызстандын төрт президенти тең Кумтөр маселесин аягына чыгарууга күчүн, эркин түптөй албай эле кете беришиптир. Комиссия түзбөгөн бир гана өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева эле болуптур. Бирок ал деле убактылуу өкмөттүн бир декрети менен Кумтөрдү улутташтырып салса болмок", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңештин депутаттары жана министрлер кабинети мамлекеттик комиссиянын чыгарган корутундусун угуп жатат.