ВИЧ боюнча соңку статистика жана тест тапшыра турчу борборлордун даректери

Республикалык "СПИД" борбору ВИЧ өлүмгө кептеген оору болбой калганын эскертип, бул дарт өнөкөт оору экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. 2021-жылдын 1-майына карата Кыргызстанда жалпы 10 644 адамдан ВИЧ-инфекция аныкталган. Анын ичинен оору 2 311 адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу Республикалык "СПИД" борборунан кабарлашты.
Маалым болгондой, май айынын ар бир үчүнчү жумасынын жекшембисинде СПИДден каза тапкандар эскерилет.
Борбордон ВИЧ өлүмгө кептеген оору болбой калганын эскертип, бул дарт өнөкөт илдет экенин белгилешти.
"ВИЧ-инфекциясын убагында аныктап, аны көзөмөлгө алса адам өмүрү коркунучка кептелбейт. Ошол себептен коомчулук ВИЧке карата тесттен өтүп коюшу шарт", — деп жазылат маалыматта.
ВИЧ-инфекциясына тест тапшыра турчу жерлердин даректери: