Антонина Шевченко америкалык Андреа Лиге жеңилип калды

Шевченко экинчи раунд бүтөрүнө сегиз секунд калганда утулду. Ал ага чейин эки мүнөттөй Линин буту менен муунтуу ыкмасынан чыга албай кыйналган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко ("Пантера" каймана аты бар) UFC 262 турниринин алкагында америкалык атаандашы Андреа Лиге ("КГБ" каймана аты менен таанымал) утулуп калды.
Айбат көрсөтүп... Антонина Шевченко менен Андреа Линин көз караштар таймашынан видео
Шевченко экинчи раунд бүтөрүнө сегиз секунд калганда утулду. Ал ага чейин эки мүнөттөй Линин буту менен муунтуу ыкмасынан чыга албай кыйналган.
Ушуну менен Антонина үчүнчү ирет жеңилүү ызасын тартып отурат. Буга чейин ал сегиз жолу уткан.