БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Россияда коронавируска каршы дагы бир вакцина жасалды. Ал кадимки йогурт сымал экенин "Известия" басылмасы жазды.
Санкт-Петербургдун эксперименталдык медицина институту 2021-жылдын аягына чейин коронавируска каршы жей турган препаратты текшерүүдөн өткөрүп бүтөт. Аталган технология патенттелип, дүйнөдө башка аналогу жок экени белгиленди. Учурда вакцина коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча текшерүүдөн өтүп жатат.
Препаратты иштеп чыккандардын айтымында, бейтап вакцинаны 250-300 миллилитрден үч жолу жесе жетиштүү. 21 күндөн кийин ушундай эле көлөмдү кайталашы керек болот. Йогурттун кулпунайдыкындай даамы болушу мүмкүн.