БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Израиль армиясынын Газага абадан урган соккуларынан улам курман болгондордун саны 181ге жетти. Анын ичинен 52си балдар. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
"Соккудан 181 киши каза болду. Алардын арасында 52 бала, 21 аял бар. Жалпы 1 225 адам жабыркады", — деп жазылат маалыматта.
Медиктер каза болгондор менен жабыркагандардын саны мындан да өсүшү мүмкүн экенин божомолдоодо. Анткени Тез жардам кызматы менен жарандык коргонуу Газада уранды алдында калгандарды издөөдө.
Акыркы маалыматтар боюнча, Израилдин аскердик аба күчтөрү Газадагы Эмгек министрлигинин имаратын да толугу менен талкалаган.
Эске салсак, ЖМКлар Израиль сотунун чечими менен Чыгыш Иерусалимдеги Шейх-Жаррахта жашаган бир нече палестиналык үй-бүлө аталган аймактан чыгарылганын жазган. Буга палестиналыктар нааразы болуп, 7-майда жарандар (палестиналыктар) менен Израилдин полициясы кагылышкан. Тартип сакчылары Аль-Акс мечитине чабуул коюу үчүн атайын каражаттарды колдонушкан.
10-майда ХАМАС аталган аймактан аскерлерди чыгарып кетүү талабын койгон. Кечинде массалык түрдө ракета менен аткылоо башталган.