БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Индияда катуу шамал болуп 18 пилге чагылган тийип өлдү. Бул тууралуу "National Geographic Россия" басылмасы жазды.
Ага ылайык, өлгөн пилдер Ассам штатындагы Гувахати аймагындагы токойдон табылган. Токой департаментинин башкы офицери Амит Сахаи шаршемби күнү кечинде токойдо катуу шамал болуп, жаныбарларга чагылган тийгенин билдирген. 14 пилдин сөөгү дөңдүн өйдө жагынан, калганы ылдый жагынан табылган.
Токой чарба министри Паримал Суклабайдья да жаныбарлар чагылгандан өлдү деп божомолдогон. Бирок индиялык жаратылыш коргоочулардын бири Сумьядип Датта соцтармактагы сүрөттөрдө пилдер уулангандай көрүнүп жатканын айткан.
Алардын эмнеден өлгөнү ичин ачкандан кийин гана белгилүү болору кошумчаланган.
Аталган аймактын тургундары өлгөн жаныбарлардын жанына гүл коюп, баштарын ачыла элек гүл менен кооздоп коюшкан.