Ири авариядан улам Бишкектин чок ортосу муздак суусуз калды

"Бишкек суу канал" ишканасынын маалымат катчысы шаардыктарга суу качан берилери белгисиз экенин айтып, кечке чейин чыгып калат деп божомолдогон.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкектин чок ортосундагы суу түтүгүндө ири авария болуп, ичүүчү суу өчүрүлдү. Бул тууралуу "Бишкек суу канал" ишканасынын маалымат катчысы Эрлан Тимуров билдирди.
Анын айтымында, авария бүгүн Панфилов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Биздин кызматкерлер сууну агызып, жабдууларын алмаштырып жатат. Шаардыктарга суу качан берилери белгисиз. Негизи кечке маал чыгып калышы керек. Анткени сууну агызып, тазалоо иштери кечки саат 18:00гө чейин жүрөт", — деди ал.
Тимуров суусу жок отурган жерлерди болжолдоп көрсөтүп берген. Ал Эркиндик проспектиси — Фрунзе — темир жол линиясы — Логвиненко көчөлөрү менен чектешкен аймак болуп калат.