Бишкекте мейманкана жалындап өрттөнүп жатат. Жеринен тартылган видео

Куткаруучулар бир аздан кийин кененирээк маалымат берилерин айтышты. Кырсыктан жабыркагандардын бар-жогу азырынча белгисиз. 
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкекте беш кабаттуу мейманкана өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбөлөр жеринен билдиришти.
Алардын айтымында, мейманкана буга чейин иштеп жаткан. Учурда өрт чектөөгө алынганы кабарланды. 
Ал эми ӨКМ Турусбеков менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишине чакыруу түшкөнүн кабарлап, жеринде эки өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатканын маалымдаган. 
Куткаруучулар бир аздан кийин кененирээк маалымат берилерин айтышты.