ӨКМ Баткенде өрттөлгөн үйлөрдүн орду толугу менен тазаланды. Сүрөт

Облус аймагында иретке келтирүү иштерине 30дан ашык техника, 150гө жакын куткаруучу тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Баткендеги жабыркаган үйлөрдүн орду толугу менен тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, иретке келтирүү иштерине барган куткаруучулар алдына коюлган тапшырманы аткарып бүтүп кызмат орундарына кайтышты.
"Жалпы 136 турак жайдын орду тазаланып даярдалды. ӨКМ кызматкерлери 32 көчмө үй, 61 чатыр тиккен жана 1919,61 тонна гуманитардык жардамды кабыл алып, аны элге жеткирүү иш-чараларын уюштурду", — деп жазылат маалыматта.
Жерине 30дан ашык техника, 150гө жакын куткаруучу тартылган.