Сүйгөн адамыңды жек көрө баштаганда эмне кылуу керек. Адистин пикири

Психологдун айтымында, түгөйлөр өмүр бою сүйүүгө балкып, жомоктогудай бактылуу жашай албайт. Качандыр бир кезде кризис башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Аял менен эркектин ортосунда мамиле канчалык ысык болсо да бир канча убакыттан кийин ал сууп, алгачкы жек көрүү, кемчиликтерди байкоо башталат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин психология илимдеринин кандидаты, Москва мамлекеттик университетинин окутуучусу Лариса Овчаренко РИА Новости агенттигине берген маеги учурунда айтты.
“Эки адам бири-бирин жакшы көрүп, сүйүүгө балкый баштаганда сүйүктүүңдүн жакшы гана жактары көрүнөт. Бара-бара кемчиликтери да байкалып, кыжырлануу башталат. Психология илиминде бул процессти сепарация же бөлүнүп чыгуу деп коёт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мында түгөй катары калыптанып жатканда бири-биринен башка нерсенин баарына көз жумуп койгон эки киши эйфория абалынан чыгып, кайрадан өз алдынча калыптана баштайт”, — деди адис.
Бирок бул нерсе, психологдун айтымында, ажырашып кетүүгө себеп болбошу керек.
Бала өспүрүм кезде эмнеге албууттанат? Адистин түшүндүрмөсү
“Бул ар бир түгөйдүн башына келе турган нерсе. Мисалы, футбол дегенде ичкен ашын жерге койгон эркектин аялы театрды жакшы көрөт дейли. Анткен менен экөө бири-бирине жаккан нерселерге убактылуу болсо дагы кызыгып, кубанычын тең бөлүшүп койсо ашыкча болбойт. Адатта сепарация процесси анча көпкө созулбайт. Түгөйлөр кайра эле бири-бирине жакындап, мамилелердин жаңы, баш айланткан сүйүү менен коштолбосо дагы кызыктуу доору башталат”, — деди Овчаренко.
Мындан тышкары, адис дал ушул учурда билинип калып, ого бетер кырдаалды курчутпашы үчүн түгөйлөр мурда башынан өткөргөн негативдүү нерселерди бири-бирине ачык айтып койгону туура экенин эскертет.