Антонина Шевченконун каршылашына жеңилген видеосу тарады

Шевченко эки мүнөттөй Линин буту менен муунтуу ыкмасынан чыга албай кыйналган. Беттеш экинчи раундда жыйынтыкталды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Социалдык тармактарга Антонина Шевченконун америкалык Андреа Лиге жеңилип калган видеосу тарады.
Чолпон Рустамова аттуу колдонуучу беттештин видеосун Facebook баракчасына жарыялаган.
Спорттук мелдеш Хьюстондо (Техас штаты) 16-майга караган түнү болуп, америкалык мушкер каршылашын колун кайруу ыкмасы менен жеңип алды. Шевченко экинчи раунд бүтөрүнө сегиз секунд калганда утулду. Ал ага чейин эки мүнөттөй Линин буту менен муунтуу ыкмасынан чыга албай кыйналган.
Ушуну менен Антонина үчүнчү ирет жеңилүү ызасын тартып отурат. Буга чейин ал сегиз жолу уткан.