Күйөөсү да, аялы да алтын утуп... Ысык-Көлдү бойлой жарышкан 3000 жөө күлүк. Видео

Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун "Run the Silk Road" эл аралык марафону өттү. Ага 35 өлкөдөн 3000 жеңил атлет жана спорт ышкыбоздору катышты.
Sputnik
42 чакырым аралыкка чуркоодо кыргызстандык Илья Тяпкин жана анын жубайы Мария Коробицская баш байгени утуп алды.
Аталган марафон Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналып, ушуну менен тогузунчу ирет өтүп жатат.
Көпкө күттүргөн жарыш. "Жаз деми" марафонунан видео
Жөө күлүктөр 3, 10, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкка чуркашты. Бул жарышта норматив толтурган жеңил атлеттерге Олимпиадага, дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына жолдомо ойнотулган. Бирок бир да спортчу Олимпиада оюндарына лицензия ута алган жок. Бул үчүн 42 чакырымды эркектер 2 саат 16 мүнөт 30 секундда, кыз-келиндер 2 саат 29 мүнөт 30 секундда келиши керек эле. Дарья Маслова буга чейин жолдомого ээ болгон.
Марафондун (42 чакырым) жыйынтыгы боюнча алдыңкы орундардын көбүн кыргызстандыктар ээлеп, Тажикстандын бир спортчусу үчүнчү орунду алды.
Эркектер арасында:
Кыз-келиндер арасында:
Алдыңкы орундарга медалдан сырткары 140, 100 жана 70 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.
Марафондун ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, ШКУнун башкы катчысынын орун басары Муратбек Азымбакиев, Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов катышты.
Спорттук иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле Эл аралык марафон дирекциясы тарабынан өткөрүлдү.