Ысык-Көлдө "Мен көчмөнмүн" эл аралык туристтик жарманке башталды. Сүрөттөр

"Рух-Ордо" маданий борборунан башталган эл аралык туристтик көргөзмөнүн башкы максаты — Кыргызстанды экологиялык жана этнотуризмдин өлкөсү катары таанытуу жана өнүктүрүү.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ысык-Көлдө "Мен көчмөнмүн" эл аралык туристтик жарманке башталды. Иш-чаранын ачылышына президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 6
Ысык-Көлдө "Мен көчмөнмүн" эл аралык туристтик жарманке башталды. Иш-чаранын ачылышына президенти Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалмат кызматынан билдиришти.
2 / 6
Президент пандемия учурундагы азаюудан кийин туристтер кайра келе баштаганын айтып, Кыргызстан аларды эмнеси менен кызыктырарына токтолду
3 / 6
Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунан башталган эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн башкы максаты Кыргызстанды экологиялык жана этно туризмдин өлкөсү катары таанытуу жана өнүктүрүү болуп саналат.
4 / 6
Көргөзмөнүн программасы үч бөлүктөн турат, алар ар башка убактарда үч жерде өткөрүлөт
5 / 6
Issyk-Kul көргөзмө-жарманкеси, "Кыргызстан — туризмдин өлкөсү" туристтик форуму жана Кыргызстандын туристтик рыногунан жана өнөктөштөрдөн мыкты катышуучуларды сыйлоо иш-чаралары
6 / 6
Ысык-Көлдө эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке 2016-жылдан бери эл аралык деңгээлде өткөрүлүп келе жатат.
“Бул туристтик жарманке Кыргызстан, Казакстан, Россия жана башка өлкөлөрдүн туристтик бизнес өкүлдөрүнүн тыгыз кызматташуусуна мүмкүнчүлүк түзө турчу жакшы аянтча болоруна ишенем. Мамлекеттин негизги максаты – туристтик индустриядагы ишканалардын иштешине жагымдуу шарттарды түзүү. Заманбап мыйзамдарды жана ченемдик укуктук базаларды түзүп чыгуу, кооз жаратылышка бай болгон өлкөбүздү туристтер үчүн жагымдуу өлкөгө айландыруу болуп саналат”, — деди Жапаров.
Президент пандемия учурундагы азаюудан кийин туристтер кайра келе баштаганын айтып, Кыргызстан аларды эмнеси менен кызыктырарына токтолду.
“Чет өлкөлүк туристтердин келишинин негизги себептери — экологиялык жагымдуу абал, тоолуу ландшафттагы өзгөчө кооз жаратылышы, табигый-климатынын ар түрдүүлүгү, Улуу Жибек жолу менен болгон тарыхый байланышы, көчмөндөрдүн салт-санаасы, маданий байлыгы жана кыргыз элинин меймандостугу болуп саналат”, — деди өлкө башчы.
Күйөөсү да, аялы да алтын утуп... Ысык-Көлдү бойлой жарышкан 3000 жөө күлүк. Видео
Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунан башталган эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн башкы максаты Кыргызстанды экологиялык жана этнотуризмдин өлкөсү катары таанытуу жана өнүктүрүү болуп саналат.
Көргөзмөнүн программасы үч бөлүктөн турат, алар ар башка убактарда үч жерде өткөрүлөт. Issyk-Kul көргөзмө-жарманкеси, "Кыргызстан — туризмдин өлкөсү" туристтик форуму жана Кыргызстандын туристтик рыногунан жана өнөктөштөрдөн мыкты катышуучуларды сыйлоо иш-чаралары. Ысык-Көлдө эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке 2016-жылдан бери эл аралык деңгээлде өткөрүлүп келе жатат.