Керилген кыздар, койкойгон жигиттер. Көлдөгү марафондун көз сүйүнткөн сүрөттөрү

Sputnik

Sputnik Кыргызстандын фотокабарчысы бул иш-чарадан ирмемдерди кадрга түшүрүп келди.

Аталган марафон Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналып, ушуну менен тогузунчу ирет өтүп жатат.

Күйөөсү да, аялы да алтын утуп... Ысык-Көлдү бойлой жарышкан 3000 жөө күлүк. Видео
42 чакырымга чуркоодо алдыңкы орундардын көбүн кыргызстандыктар ээлеп, Тажикстандын бир спортчусу үчүнчү орунду алды. Алдыңкы орундарга медалдан сырткары 140, 100 жана 70 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

Бул жарышта норматив толтурган жеңил атлеттерге Олимпиадага, дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына жолдомо ойнотулган. Бирок бир да спортчу Олимпиада оюндарына лицензия ута алган жок. Бул үчүн 42 чакырымды эркектер 2 саат 16 мүнөт 30 секундда, кыз-келиндер 2 саат 29 мүнөт 30 секундда келиши керек эле. Дарья Маслова, Мария Коробицкая буга чейин жолдомого ээ болгон.
Марафондун ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, ШКУнун башкы катчысынын орун басары Муратбек Азымбакиев, Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов катышты.

Спорттук иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Эл аралык марафон дирекциясы өткөрдү.

1 / 19
Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун “Run the Silk Road” эл аралык марафону өттү
2 / 19
Жарышка катышкан жөө күлүктөр 3, 10, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкка чуркашты
3 / 19
Бул марафон Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналып, ушуну менен тогузунчу ирет өтүп жатат
4 / 19
35 өлкөдөн келген 3000 жеңил атлет жана спорт ышкыбоздору бутунун күчүн сынады
5 / 19
Бул жарышта норматив толтурган жеңил атлеттерге Олимпиадага, дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына жолдомо ойнотулду
6 / 19
Бирок бир да спортчу Олимпиада оюндарына лицензия ута алган жок. Бул үчүн 42 чакырымды эркектер 2 саат 16 мүнөт 30 секундда, кыз-келиндер 2 саат 29 мүнөт 30 секундда келиши керек эле
7 / 19
Касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде чуркап бараткан жеңил атлет. Көлдүн кооздугу спортчуларга дем бергенин ушундан көрсө болот
8 / 19
Марафондун (42 чакырым) жыйынтыгы боюнча алдыңкы орундардын көбүн кыргызстандыктар ээлеп, Тажикстандын бир спортчусу үчүнчү орунду алды
9 / 19
Кыргызстандын көзгө басар жөө күлүгү Илья Тяпкин 42 чакырымды 2 саат 27 мүнөт 48 секундда басып өтүп биринчи орунду багындырды
10 / 19
Алдыңкы орундарга медалдан сырткары 140, 100 жана 70 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды
11 / 19
Жарышка катышкан ар бир катышууга марага келгенде медаль тагып жатышты
12 / 19
21 чакырым аралыкка чуркап келген жигит кенен эс алууда
13 / 19
Мында профессионал жеңил атлеттер эле эмес, Кыргызстандын ар аймагынан барган спорт сүйүүчүлөрү да катышты
14 / 19
Өз жашоосунда дагы бир жеңишти камсыздап, кубанып турган жөө күлүк
15 / 19
Сергек жашоого ыктаган аялдын 10 чакырымды артта калтыргандагы эмоциясы
16 / 19
Ал эми бул позитив тартуулаган айым 21 чакырымга чуркап келди
17 / 19
Мындай чоң иш-чарада медиктер сөзсүз түрдө нөөмөткө туруп, өзүн начар сезгендерге жеринде жардам берет
18 / 19
Жашы өтүп калганына карабай аталар да чуркады. Албетте, мындай куракта 3 чакырымга чуркоо да чоң эрдик
19 / 19
Кыз-келиндер арасында кыргызстандыктар алдыңкы орундарды берген жок. Мария Коробицская биринчи, Дарья Маслова экинчи, Гүлшаной Сатарова үчүнчү орунду утуп алды. Коробицкая менен Маслова буга чейин Токио Олимпиадасына жолдомо уткан