Жол кырсыгын болтурбайлы. Милиция ыктыярчыларга эскертүү берди

Кайгуул кызматкерлери оорулууларга жардам берген ыктыярчыларды түшүнүү менен кабыл аларын, бирок автоунаа өткөн жолдун тилкесине чыкпоону суранышты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бишкекте ыктыярчылар менен кайырчылар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Буга алардын жол тыгынын жаратып жатканы тууралуу маалыматтар себеп болгонун Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.
Ага ылайык, айдоочулар милиционерлерге кайыр сурагандар чоң көчөлөрдө тыгын жаратып, кээде кырсыкка да учуратып жатканын айтып кайрылышкан. Ошондой эле алардан айланып өтөбүз деп "Коопсуз шаардын" камераларына түшүп калып жатканын айтышкан.
Мындан тышкары, милиционерлер ыктыярчылар менен да сүйлөшкөн.
"Кызматкерлер катуу оору менен алышып жаткандарга жардам берген ыктыярчыларды түшүнүү менен кабыл алат. Анткен менен жол кырсыгын, тыгындарды жана ар кандай кырдаалдарды алдын алуу үчүн автоунаа өткөн жолдун тилкесине чыкпоону суранат", — деп айтылат маалыматта.
Кайгуул милиция тараткан сүрөттөн чоң желим бөтөлкөгө каражат чогулткан ыктыярчыларды көрүүгө болот.