Күчтүүлөр жеӊсин! Жапаров Ысык-Көлдөгү марафондун ачылышына катышты. Сүрөт

Иш-чара бүгүн Ысык-Көлдө өтүп жатат. ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization эл аралык марафонуна старт берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 6
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization эл аралык марафонуна старт берди
2 / 6
Ал даңазалуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган иш-чаранын катышуучуларын куттуктады
3 / 6
Президент 2020-жылдын аягында ШКУнун Ысык-Көл марафону квалификациялык деп таанылганын, марафондун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилерин белгиледи
4 / 6
Ошондой эле 2021-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону World Athletics жарыялаган Label Road Races жарыш календарына киргендигине токтолду
5 / 6
Эскерте кетсек, аталган спорттук ири иш-чара бүгүн Ысык-Көлдө өтүп жатат. ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилет
6 / 6
Ага 20дан ашык өлкөдөн келген спортчулар катышууда.
Ал даңазалуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган иш-чаранын катышуучуларын куттуктады.
“Марафондун максаты сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу болуп саналат. Андан тышкары, спорттук-массалык иш-чаралар аркылуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достук, спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү, ошондой эле аймактагы күчтүү марафончуларды аныктоо”, — деди Жапаров.
Президент 2020-жылдын аягында ШКУнун Ысык-Көл марафону квалификациялык деп таанылганын, марафондун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилерин белгиледи.
Ошондой эле 2021-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону World Athletics жарыялаган Label Road Races жарыш календарына киргендигине токтолду.
Спорттун 10 түрү боюнча "Кыргызстандын бермети" турнири өтөт
“Ал календарь 6 континенттин 49 өлкөсүндөгү 191 марафонду камтыйт. Календарь Осакадагы аялдар марафону менен башталып, 11 айдан кийин Мадридде, Больцанодо, Сан-Паулудо аяктайт. Спорт — ден соолук, ден соолук — элдин байлыгы, дени сак улут — өнүккөн өлкө деп бекеринен айтылбайт! Спорт адамды физикалык жактан чыңдайт. Ошентип, калктын басымдуу бөлүгүнүн спортко болгон кызыгуусун камсыз кылуу менен биз элибиздин ден соолугун коргойбуз. Ал эми жаштарыбыз, жаш муундарыбыз дени сак болушат жана руханий жактан өнүгүшөт. Демек, спортту өнүктүрүү — бул спорттук натыйжаларга жетүү каражаты гана эмес, элдин ден соолугу да болуп саналат. Бул марафондо күчтүүлөр жеӊсин!”, — деди президент.
Мамлекет башчысы бүгүнкү спорттук иш-чарага катышкан бардык жеӊил атлетиканы сүйгөн спортчуларга үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтерди каалады.
Эскерте кетсек, аталган спорттук ири иш-чара бүгүн Ысык-Көлдө өтүп жатат. ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилет. Ага 20дан ашык өлкөдөн келген спортчулар катышууда.