ИИМде иш учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди. Сүрөттөр

Борбордук аппаратта өткөн аза күтүү митингине министрдин орун басары Нурбек Абдиев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, кызматкерлер жана маркумдардын жакындары катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Жыл сайын 15-май күнү Кыргызстанда иш учурунда каза тапкан милиция кызматкерлери эскерилет. ИИМдин маалымат кызматынан билдиргендей, быйылкы эскерүү иш-чарасында мемориалдык тактага гүлчамбар коюлду.
1 / 4
Жыл сайын 15-май күнү Кыргызстанда иш учурунда каза тапкан милиция кызматкерлери эскерилет
2 / 4
ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, быйылкы эскерүү иш-чарасында мемориалдык тактага гүлчамбар коюлду
3 / 4
Борбордук аппаратта өткөн аза күтүү митингине министрдин орун басары Нурбек Абдиев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, кызматкерлер жана маркумдардын жакындары катышты
4 / 4
Иш-чара бир мүнөттүк аза күтүү менен аяктады.
Борбордук аппаратта өткөн аза күтүү митингине министрдин орун басары Нурбек Абдиев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, кызматкерлер жана маркумдардын жакындары катышты.
"1918-жылдан 1991-жылга чейин 87 милиционер кызматтык милдетин аткарып жатып каза болсо, 1991-жылдан тарта ушул күнгө чейин адардын саны 57ге жетти. Жалпысынан кыргыз милициясы 144 кызматкеринен айрылды. Берилген антка туруу үчүн өз өмүрүн аябаган азаматтардын жаркын элеси өмүр бою жүрөгүбүздө сакталат”, — деди Абдиев.
Иш-чара бир мүнөттүк аза күтүү менен аяктады.