Эл ырчысы Эстебес Турсуналиев 90 жашка чыкмак. Акындын сүрөттөгү элеси

Sputnik

Эстебес Турсуналиев 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында туулган. Атасы Турсуналы мыкты комузчу, апасы Арпаян укмуш кошокчу болгон. Бул киши тогуз жашынан комуз черте баштаган экен. Атасы да мыкты комузчу болгондуктан айылдагы комузду жакшы чапкан кишиге айтып, уулуна атайын комуз чаптырып берет.

Апасы көп бала төрөсө да, балдары токтобой жүрүп, акыры бир уул, бир кыздуу гана болушкан экен. Ошондон улам Эстебес Турсуналиевдин жалгыз бир тууганы, эжеси гана болгон.

Акындын бала чагы согуштан кийинки кыйын заманга туш келет.

"Апасы кырманда иштеп, Эстекем кенедейинен атка минип мала тартыптыр. Бир жолу Алымкул Үсөнбаев айылга барып калып, Эстекемди ырдатып көрүп жактырат. Ошентип 14 жашында филармонияга алып келген экен. Ошол убакта филармонияда Осмонкул Бөлөбалаев, Шекербек Шеркулов, Ысмайыл Борончиев, Токтоналы Шабданбаев, Абды Байсабаев өңдүү залкарлар иштеп турат. Алымкул аксакал Эстебести алардын алдында ырдатат. Осмонкул Бөлөбалаев ырын угуп эле "ой Алыке, бул балаңды мага бер" деп сурап, шакирт кылып алат. Алымкул Үсөнбаев ал кезде депутат болуп, командировкага да көп чыкчу эмес да. Осокем ырдап жатканда Эстекем көрүүчүлөрдүн алдыңкы сабына отуруп алчу экен", — деп эскерет жубайы Райкүл Деркембаева.

Убагында залкарларга шакирт болгон Эстебес Турсуналиев кичи мекени Таластан төкмө акын Амантай Кутманалиевди жана ырчы Малик Аликеевди борборго алып келген. Бала кезинде филармонияга келген таланттар учурда КРдин эмгек сиңирген артисти болууга жетишти.

Созгон сайын үнү ачылып... Токон Эшпаевдин сүрөттө калган элеси
Эстебес Турсуналиев филармониядагы 60 жылга чукул чыгармачылык өмүрүндө төкмөлүк өнөрдү айкалыштырып, "Акындын үнү", "Айтыштар", "Заман жарчысы", "Эскерүүлөр", "Ыр өмүрүм", "Кайыңды" аттуу китептерин жарыкка чыгарган.

Ага "Кыргыз мамлекеттик консерваториясынын фольклор бөлүмүнүн профессору" деген наам ыйгарылган.

"Ардак белгиси" ордени, "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн", В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Жубайы Райкүл Деркембаева экөө алты уул, эки кызды тарбиялаган. Балдары да чыгармачылыкка жакын.

Төкмө акын 2005-жылы 11-октябрда кан басым оорусунан 74 жаш курагында дүйнө салган.

 

1 / 12
Эстебес Турсуналиев 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында өнөрпоздордун үй-бүлөсүндө туулган
2 / 12
Төкмө акындын энеси Арпаян элдик оозеки чыгармачылыгын мыкты билген жомокчу жана кошокчу болгон
3 / 12
Эстебес Турсуналиевдин жубайы Райкүл Деркембаева кыздары жана неберелери менен
4 / 12
Улуу талант төкмөлүктөн тышкары балык уулаганды да абдан жакшы көрчү
5 / 12
Турсуналиев фольклордук топ менен бирге Индия, Бельгия, Швеция, Франция жана Япония сыяктуу ондогон өлкөлөрдө гастролдо болгон.
6 / 12
Эстебес Турсуналиев менен Токтосун Тыныбеков экөө элүүдөй айтыштарды жараткан
7 / 12
Жубайы Райкүл апа менен сегиз баланын ата-энеси болушкан
8 / 12
Улуттук филармонияда эмгектенип жүргөн кезинде "Эл ырчысы Эстебес" фольклордук тобун уюштуруп, жетектеп, кыргыздын бир топ таланттуу уул-кыздарын тарбиялаган
9 / 12
Төкмө 1967-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик жана эл аралык "Руханият" сыйлыктары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары ыйгарылган.
10 / 12
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен да пикирлеш болгон
11 / 12
Акын Кыргыз ССРинин жана СССРдин эл артисти. Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышында депутаттыкты аркалаган
12 / 12
СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Залкар акын 2005-жылы 11-октябрда 74 жаш курагында дүйнө салган.