Радио

Үсөнов: өлкөдө сценаристтерди окутуу колго алынган эмес

Прозаик, драматург, киносценарист Токтобек Үсөнов кыргыз киносунун пайдубалы катары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары турганын белгиледи.
Sputnik
Кыргызстанда топ жарган сценаристтер дээрлик жокко эсе. Анткени бул багытта окутуу, үйрөтүү колго алынган эмес. Мындай пикирин Токтобек Үсөнов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган тармакта окууга умтулуп, аны өнүктүрүүнү каалаган жаштарга тийиштүү колдоо дагы болбойт.
"Стивен Спилберг "кинодогу эң маанилүү нерсе — сценарий" деген. Ошондуктан кино тартууда сценарийге өзгөчө маани берүү зарыл. Маселен, кыргыз киносунун өнүгүү тарыхын алып карасак, анын пайдубалы катары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары турат. Ал эми соңку учурда өлкөдө топ жарган ийигиликтүү сценаристтер жокко эсе. Себеби бул багытта окутуу, үйрөтүү колго алынган эмес. Аталган тармакта окууга умутулуп, аны өнүктүрүүнү каалаган жаштарга тийиштүү колдоо көрсөтүлбөйт. Мындан сырткары, өлкөдө киноиндустрия рыногу абдан чакан болуп, сценаристтерге тажрыйба топтоосуна мүмкүнчүлүк жок. Башкача айтканда, сценаристтикти толук кандуу кесип катары алып кетүү абдан татаал. Жөнөкөй аңгеме жазуу жеңилирээк. Анда жүрөктөн чыккан окуяны эмоция менен сүрөттөп берсе болот. Ал эми сценарий үчүн ошол окуянын үстүнөн абдан тыкыр иш алып баруу талап кылынат. Кыймыл-аракетти, эмоцияны атайын ыкмалар менен кооздоо зарыл", — деди Үсөнов.
Ошондой эле ал соңку учурларда өлкөдө тартылып жаткан кассалык кинолордун сценарийи атайын голивуддук стандартка ылайыкталып жазылып, бирок алардын оригиналдуулугу маселе жарата турганын кошумчалады.