Россиянын патриархы аялдарды аборт кылдырбай, баласын чиркөөгө берүүнү сунуштады

Патриарх Кириллдин айтымында, чиркөөдөн балага тарбия берип, чоңойтушат, ошондой эле энеси менен жолугуп турууга тоскоолдук кылышпайт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Москва менен Бүткүл Россиянын патриархы Кирилл ар кыл себептерден улам төрөгүсү келбеген аялдарды боюнан алдырбай, баласын чиркөөгө берип өстүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу дин кызматкерлеринин жыйынында айтылганын РИА Новости жазды.
Патриархтын айтымында, чиркөөдөн балага тарбия берип, чоңойтуп, ошондой эле энеси менен жолугуп турууга тоскоолдук кылышпайт.
Ал турмуштун оор кырдаалына кабылган аялдар үчүн кризистик борборлорду ачуу идеясын колдогондорго ыраазычылык билдирген.
"Чиркөө бойдон алдырууну үрөй учурган көйгөй катары карайт. Биз чоң өлкөбүз, эл дагы көп болушу керек. Демографиялык көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн бойдон алдырууларды кескин кыскартуу зарыл. Чиркөө ушул нерсеге чакырып келет", — деген патриарх Кирилл.
Ал маселени чечүүгө мамлекет да күч-аракет жумшоо керектигин белгилеген.