Кыргызстандагы белгилүү 11 сары кыргыз. Аткаминерден шоуменге чейин

Sputnik

Тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев тарых булактарында Енисей кыргыздарынын (биздин замандын VI-X кылымдары) чачы сары, көзү көк, узун бойлуу, ак жуумал, европеоиддерге түспөлдөш болгону жазылганын белгиледи. Буга орус окумуштуусу Иоакинф Бичуриндин кытай булактарынан которгон тексттери далил.

"VII-X кылымдарда Цзянькунь (кыргыз) мамлекетинде жашагандардын басымдуу бөлүгү сары чачтуу жана көк же жашыл көздүү болгон. Чачы кара, кой көздүүлөр Ли Линдин урпактары болуп саналышкан. Ал кезде эзелки кыргыздардын мекени азыркы Кыргызстандын аймактарына канатташ жерлер болгондугу тарыхый жактан далилденген", — деп жазылат Бичуриндин котормосунда.

Шымдары бир жылкыга бааланган. Кыргыздын эркектери кандай кийинген?
Кытай жылнаамаларындагы бир материалда "бул адамдардын (кыргыздардын) чачтары агыш-бозомтук келип, каректери жашыл, ал эми бетиндеги түгү сапсары келет. Арасында бетинин түгү кара болгондору хань элинин (кытайлардын) генералы Ли Линдин жана аны менен кошо жүргөн солдаттарынын тукумдары деп саналышат" деп жазылган. Убакыт өтүп, кылым алмашкан сайын Енисей кыргыздары башка түрк, монгол уруулары менен аралашып, X кылымдардан тарта кыргыздарда монголоиддик түс артыкчылык кыла баштаган деп божомолдоого боло турганы айтылды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин эл арасындагы көзү жашыл, өңү сары кыргыздардын сүрөттөрүн чогултуп, материал даярдаган. Аларды көргөндө кудум енисейлик кыргыздар көз алдыңа тартылат.

1 / 11
Сапар Исаков. Кыргызстандын мурдагы премьер-министри
2 / 11
Мирлан Жээнчороев. Жогорку Кеңештин депутаты
3 / 11
Канат Шабданбаев. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору
4 / 11
Нурайым Рыскулова. Accelerate Prosperity компаниясында бизнес аналитик
5 / 11
Актан Рыскелдиев. Алып баруучу, тамада, куудул
6 / 11
Толкунбек Абдыгулов. Улуттук банктын төрагасы
7 / 11
Бакыт Толканов. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы, журналист
8 / 11
Азамат Аттокуров. Мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт, бизнес консультант
9 / 11
Мирлан Мурзаев. "Дордой" футбол клубунун чабуулчусу, спортчу
10 / 11
Тилек Батыров. Аралаш мушташ боюнча мушкер, спортчу
11 / 11
Тынчтык Болсун. "Миң кыял ФМ" радиосунун негиздөөчүсү, продюсер, журналист