Кыргызстандык дзюдочу кыздар Азия кубогунда намыс талашат

Өспүрүмдөр арасындагы турнир бүгүн башталып, үч күнгө созулат. Кыргызстандын атынан үч спортчу жөнөтүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Дзюдо боюнча өлкөнүн кыздар курама командасы Казакстандагы өспүрүмдөр арасында Азия кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Мелдеш 14-16-май күндөрү Алматы шаарында өтөт. Ага үч спортчу барат.
Белгилей кетсек, атлеттер турнирге Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлдү.