Кыргызстанда Акыркы коңгуроо онлайн-форматта өтмөй болду

Онлайн-форматта өткөрүлчү "Бүтүрүүчү — 2021" иш-чарасынын программасы жана аны өткөрүү шарттары министрликтин буйругу менен бекитилип, бардык билим берүү уюмдарына таркатылган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. 2020-2021-окуу жылынын аяктаганына байланыштуу салтанаттуу иш-чаралар онлайн-форматта өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган. Окуу жылы республикадагы жалпы билим берүү уюмдарында 25-майда аяктайт.
Маалыматка ылайык, Бишкек, Ош шаарларынын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери онлайн-режимде бүтүрүүчүлөр менен мектеп администрациясынын, класс жетекчилердин, мугалимдердин куттуктоолорун уюштурушат.
Окуу жайлар жылына эки ирет абитуриент кабыл алат. Токтом өкмөттө каралууда
Онлайн-форматта өткөрүлчү "Бүтүрүүчү — 2021" иш-чарасынын программасы жана аны өткөрүү шарттары министрликтин буйругу менен бекитилип, бардык билим берүү уюмдарына таркатылган.
Белгиленген талаптарга жооп берген видеоматериалдар, тагыраагы, чакан концерттик программа менен коштолгон 15 мүнөттүк куттуктоолор ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын "Билим жана илим" каналынан көрсөтүлөт. Аны эфирден 25-майда эртең мененки саат 10.00дөн 12.30га чейин беришет.
Ошондой эле видеоматериалдар ЭлТР менен Билим берүү жана илим министрлигинин социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырылат.