БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Социалдык фонд социалдык тармактардагы пенсия төлөмдөрү азайды деген маалыматка комментарий берди.
Социалдык фонд пенсиялык камсыздандыруу кызматтары электрондук форматка Санарип трансформациясынын концепциясын жана Мамлекеттик башкарууда IT-технологияларды тереңдетүүнү активдештирүү боюнча президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлүп жатканын билдирди.
Ведомстводон пенсияны кайра эсептеп, жаңыдан белгилөө, киреше жана төлөмдөрдү көздөн кечирип турган маалыматтык система бар экендигин айтты.
"Пенсия азайып кеткен учурлар санариптештирүү процессинин ишинен жана маалыматтарды автоматташтырган системага киргизүүдөн болду. Себеби ал мурда эсептегенде кеткен каталарды таап чыгат да, сандарды пенсия боюнча мыйзамдардын нормаларына ылайыктайт", — деп айтылган маалыматта.
Социалдык фонддон ар бир учур өзүнчө каралып жана пенсионерге майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүлүп жатат деп ишендиришти. Мындай учурлар жапырт кездешпегендигин кошумчалады.