Декларация тапшырбаган кызматкерлердин тизмеси жарыяланды

Декларацияны өз убагында же таптакыр тапшырбаган жана туура эмес маалыматты көрсөткөн тараптарды прокуратура текшерет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы расмий сайтына 2019 жана 2020-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тизмесин жарыялады.
Ал "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди декларациялоо" бөлүмүнүн "БСДны мыйзам менен белгиленген мөөнөттө тапшырбагандар боюнча маалымат" деген бөлүмчөсүндө жазылган.
Радио
Ысабеков: Салык кодексинин жаңы редакциясы ишкерлердин ишин жеңилдетет
Тийиштүү кызматкерлердин мал-мүлкү жана кирешеси тууралуу маалымат тапшыруу мөөнөтү жыл сайын 1-апрелде аяктаган.
Ушул кезге чейин 227 декларант отчёт берген эмес. Алардын көпчүлүгү муниципалдык жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери жана адистери экени айтылат.
Ал эми 600 кызматкер салык декларациясын кечигип тапшырган.
Белгилей кетсек, декларацияны өз убагында же таптакыр бербеген, туура эмес маалыматты көрсөткөн тараптардын тизмеси юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жөнөтүлөт.