Ош шаарында 43 мечитте майрамдык айт намаз окулду. Сүрөттөр

Калаа башчысы Сарыбашов ооз ачыруу иш-чаралары түрдүү улуттар ортосундагы пикир алышууну, ынак мамилени чыңдаган аянтча болгонун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Ош шаарында бүгүн 43 мечитте, анын ичинде Сулайман-Тоо борбордук мечитинде майрамдык айт намаз окулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5
Ош шаарында бүгүн 43 мечитте, анын ичинде Сулайман-Тоо борбордук мечитинде майрамдык айт намаз окулду
2 / 5
Иш-чарага Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, дин кызматкерлери, аксакалдар жана жашоочулар катышкан
3 / 5
Калаа башчысы бардык жарандарды Орозо айт майрамы менен куттуктап, ар бир үй-бүлөгө жакшылыктарды жана ийгиликтерде каалаган
4 / 5
Мэр ооз ачыруу иш-чаралары түрдүү улуттардын өз ара пикир алышуу аянтчасына айланып, шаардагы диний абалдын туруктуулугу сакталып, этностор аралык мамилелердин мындан ары да чыңдалышына өбөлгө түзгөнүн кошумчалаган
5 / 5
Мэриянын маалымат кызматынан 43 мечитте майрамдык айт намаз окулгандыгын билдиришти.
Иш-чарага Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, дин кызматкерлери, аксакалдар жана жашоочулар катышкан.
Калаа башчысы бардык жарандарды Орозо айт менен куттуктап, ар бир үй-бүлөгө жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалаган.
"Бул ай араздашкандар элдешкен, оорулуулардан, жетим-жесирлерден жана момун мусулмандардан кабар алган мезгил. Бүгүн да битир-садагалар жана кайрымдуулук иштери уюштурулуп жатат. Бир ай ичинде ооз ачыруунун алкагында бири-бирибизге жакшы каалоо-тилектер айтылды", — деген Сарыбашов.
Бишкектин борбордук мечитинде миңдеген адам айт намазга жыгылды. Видео
Мэр ооз ачыруу иш-чаралары түрдүү улуттардын өз ара пикир алышуу аянтчасына айланып, шаардагы диний абалдын туруктуулугу сакталып, этностор аралык мамилелердин мындан ары да чыңдалышына өбөлгө түзгөнүн кошумчалаган.
Мындан сырткары, ал санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасап, эрежелерди так сактап жаткан элге ыраазычылыгын айткан.
Мэриянын маалымат кызматынан 43 мечитте майрамдык айт намаз окулгандыгын билдиришти.