Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңы тамдар курула баштады. Сүрөт

Курула турган ар бир үйдүн аянты 126 чарчы метрди түзүп, беш бөлмөдөн турат. Тамдарды заманбап стилде жана бардык шарттары менен куруу пландаштырылган.
Sputnik
БАТКЕН. 13-май — Sputnik. Кыргыз-тажик чек ара чырында Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам өрттөлгөн үйлөрдү калыбына келтирүү башталды. Бүгүн Лейлек районундагы Максат айылындагы күйүп кеткен тамдардын ордуна жаңысынын пайдубалы тургузулуп, капсула салынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
1 / 5
Кыргыз-тажик чек ара чырында Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам өрттөлгөн үйлөрдү калыбына келтирүү башталды
2 / 5
Бүгүн Лейлек районундагы Максат айылындагы күйүп кеткен тамдардын ордуна жаңысынын пайдубалы тургузулуп, капсула салынды
3 / 5
Иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов жана жергиликтүү жашоочулар катышты
4 / 5
Алимбаев билдиргендей, өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна алгачкы үйдүн курулушу башталды
5 / 5
Маалыматка ылайык, ар бир үйдүн жалпы аянты 126 чарчы метрди түзүп, беш бөлмөлүү болот.
Иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Алимбаев билдиргендей, өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна алгачкы үйдүн курулушу башталды.
Маалыматка ылайык, ар бир үйдүн жалпы аянты 126 чарчы метрди түзүп, беш бөлмөлүү болот.
"Заманбап стилде жана бардык шарттары менен куруу пландаштырылган. Жалпы эле ушул куралдуу жаңжалдан жабыр тарткандарга 136 үй курулат. Буга чейин Баткен районунун аймагында каза болгондордун жакындарына берилүүчү үйдүн курулуш иштери башталган", – деди Алимбаев.
Эске сала кетсек, буга чейин Максат айылында тажикстандыктар тарабынан 83 үй өрттөлсө, анын 28и буздурулуп, кайра курууга камдалган.
Учурда аталган айылда медпункт уюштурулуп, ал 24 саат бою жашоочуларды жана бул аймакта иштеп жаткан кызматкерлерди тейлейт.