Алоолонуп, от чачып. Күндүн бир жыл ичиндеги жашоосу видеодо

NASA тынбай жарык чачкан Күндүн динамикасына өзүнүн обсерваториясында байкоо салып, улам тартып алып турган видеону жарыялады.
Sputnik
Бул көз салуу 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 28-январына чейин уланганын өздөрүнүн сайтына маалымдады. Тынымсыз жазылган видео монтаждалып, кызыккандарга сунушталды. Андан алоолонгон, табы куйкалап кеткен Күн кантип "жашаганын" майда-чүйдөсүнө чейин көрсө болот.
Адам баласынын космоско учушу. 60 жыл мурунку легендарлуу видео
Роликтен Күн бирде чоңоюп, бирде кичирейип турганы байкалат. Муну адистер обсерваториянын спутниги менен Күндүн ортосундагы аралык дайыма бирдей болбогондугу менен түшүндүрүшкөн.