COVID: 6 адам акка моюн сунуп, 329 киши дартка кабылды. Соңку маалымат

Каза болгон алты кишинин бешөө Бишкекте жана бирөө Чүйдө катталды. Жугуштуу илдет 1 681 кыргызстандыктын өмүрүн алды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 329 адамдан коронавирус чыкса, алты киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Пандемиядан бери расмий түрдө 99 645 кишиден оору чыкты.
Ооруну 309 адамдын жеңгени айтылды:
Жалпы айыккандар 92 718 болду.
Каза болгон алты кишинин бешөө Бишкекте жана бирөө Чүйдө катталды. Жугуштуу илдет 1 681 кыргызстандыктын өмүрүн алды.
Учурда стационарда 1 750 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 468 оор жана 82си өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 2 489 бейтап бар.