Спорттун 10 түрү боюнча "Кыргызстандын бермети" турнири өтөт

Мелдешке онго чукул мамлекеттин келиши күтүлүп жатат. Уюштуруучулар 8 жаштан 40 жашка чейинки спорчуларды катышууга чакырып өтүштү.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Өлкөдө спорттун 10 түрү боюнча "Кыргызстандын бермети" турнири өтөрүн уюштуруучулар билдирди.
Мелдеш 5-июлдан 11-июлга чейин Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында болот.
Турнирдин программасына ушу-саньда, маст-рестлинг, тай бокс, грэпплинг, кикбокс, кармашуу, таэквондо, К-1, армрестлинг, аралаш мушташ камтылган.
Уюштуруучулар мелдешке 10го чукул мамлекеттин спортчулары келиши күтүлүп жатканын айтты. Ошондой эле 8 жаштан 40 жашка чейинки спортчуларды катышууга чакырып өтүштү.