ЕАЭБ өлкөлөрүндө Казакстандан башкасы инфляцияны ооздуктай алган эмес

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жүргүзгөн экономикалык саясатынын натыйжасында жыл соңунда инфляцияны басаңдатуу күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында ЕАЭБ өлкөлөрүндө инфляциянын орточо деңгээли 6,7 пайызды түздү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) маалымат кызматы билдирди.
2020-жылдын декабрь айына салыштырмалуу ЕАЭБ өлкөлөрүндө инфляция 2,1 пайызга чейин өскөн. Бир гана Казакстан кризиске туруштук берип, аларда болгону 0,5 пайызга жогорулаган.
ЕЭК дүйнө боюнча азык-түлүктүн кымбатташы инфляциянын өсүшүнүн негизги себеби болгону белгилейт.
Армения, Беларусь, Россияда картошка, эт жана эт азыктарынын баасы жогорулаган. Ал эми суу май, жумуртка, нан ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө кымбаттаган.
Россия бензин баасын тизгиндейт. ЕАЭБде мунайдын кымбаттоосу токтойбу?
Мындан сырткары, кездеме, кийим-кече, трикотаж, курулуш материалдары, бензин, жеңил автоунаалардын (Биримдиктин көпчүлүк өлкөлөрүндө) наркы өскөн. COVID-19 пандемиясынан улам Армения менен Беларуста медикаменттин инфляциясы 13,3 жана 21,8 пайызга жогорулаган.
Ошондой эле Кыргызстан, Армения жана Россиянын кызмат көрсөтүү тармагынан кымбатчылык байкалган.
Маданий мекемелердин кызматтары ЕАЭБдин баарында кымбаттаган, көпчүлүгүндө жол кире, билим берүү жана саламаттык сактоо секторунда баалар кошулган.
Казакстанда кызмат көрсөтүүлөр жана азык-түлүк арзандап, инфляциянын өсүү темпи ооздукталган.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жүргүзгөн экономикалык саясатынын натыйжасында жыл соңунда инфляцияны басаңдатуу күтүлүүдө.