Centerra директорлор кеңешин алмаштырды. Кыргызстандын атынан кимдер мүчө болду

Ишкананын директорлор кеңешинин 11 мүчөсү бар, ага Кыргызстандын үч жараны кире алат. Кеңеш жыл сайын май айында жаңыланат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кумтөрдөн алтын казган Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңеши алмашып, Кыргызстандын атынан Дүйшөн Касенов, Максат Көбөнов жана Тенгиз Бөлтүрүк шайланды. Бул тууралуу аталган компаниянын сайтында жазылган.
Мамкомиссия Кумтөр боюнча бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштоодо
2021-жылдын 11-майында акционерлердин жылдык жыйыны өтүп, директорлор кеңеши алмашканы жазылган.
Жыйында Centerra Gold Inc. компаниясынын чыгарылган жана жүгүртүүдөгү акциясынын 56,59 пайыз же 168 096 447 акциясы көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, компаниянын директорлор кеңеши жыл сайын май айында шайланып турат. Дүйшөн Касенов, Максат Көбөнов жана Тенгиз Бөлтүрүк буга чейин да мүчө болчу.