Жараткандан жакшылык сурап таң заарда чогулган эл. Айт намаздагы 15 ирмем

Sputnik

Бүгүн кыргызстандык мусулмандар Орозо айтты белгилеп жатат. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам эл айт намазга борбордук аянттарга эмес, мечиттерге гана чогулду.

Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт менен куттуктады
Айт күнү таң эрте жараткандан жакшылык тилөө — мусулмандардын парзы болуп саналат. Эл саат 6:30дан тарта чогула баштап, 7:15те айт намаз окулду.

Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кудайбердиев жана муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев "Диний баалуулуктар, Орозо айттын пазилеттери" деген темада баяндама жасап, кыргыз элин майрамы менен куттукташты.

Быйыл орозо 13-апрелде башталып, 30 күнгө созулду. Айт күнү мусулмандар тууган-уруктарынын үйүнө барып ал-жай сурап, ошондой эле көзү өтүп кеткен жакындарына багыштап куран окушат.

1 / 15
Бүгүн мусулман эли Орозо айтты белгилеп жатат. Эпидемиологиялык кырдаалдан улам майрамдык намазды мечиттерде гана окууга уруксат берилди
2 / 15
Кыргызстандын бардык аймактарында айт намазы борбордук аянттарда окулган жок
3 / 15
Айт намазы өлкөнүн бардык мечиттеринде санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү
4 / 15
Орозо айында мусулмандар өз каалоосу менен битир-садага беришет. Быйыл муфтият анын өлчөмүн бир адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар деп бекитти. Базар баасы менен алганда 40 сомдон эсептелди
5 / 15
Эл таңкы саат 6:30дан тарта чогула баштап, 7:15де айт намазы окулду
6 / 15
Быйыл орозо айы 13-апрелде башталып, 30 күнгө созулду
7 / 15
Мечиттин ичине батпагандар сырттагы короого жайнамазын салып отурушту
8 / 15
Айт күнү таң эрте жараткандан жакшылык тилөө — мусулмандардын парзы болуп саналат
9 / 15
Намаздан кийин көзү өтүп кеткен маркумдарга жана Баткен окуясында каза тапкан мекендештерге багышталып куран окулду
10 / 15
Бишкектеги Имам Сарахси атындагы башкы мечитке келип, намазга жыгылгандар
11 / 15
Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кудайбердиев жана муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев "Диний баалуулуктар, Орозо айттын пазилеттери" деген темада баяндама жасады
12 / 15
Кээ бир аталар мечитке кичинекей уулдарын да ээрчите келген
13 / 15
Орозо айт мусулман элинин негизги майрамдарынын бири
14 / 15
Эпидемиологиялык кырдаалдан улам келген ар бир адамга бет кап тагынуу талабы коюлган
15 / 15
Имам Сарахси атындагы борбордук мечит Бишкек шаарындагы ири мечиттердин бири