Артём Новиков элди Орозо айт менен кыргыз тилинде куттуктады. Видео

Өкмөт өкүлү коронавирус пандемиясында жана Баткенде болгон акыркы окуяларда эл биримдикти, тилектештикти жана чыдамдуулукту көрсөткөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Артём Новиков кыргызстандыктарды орозо айынын бүтүшү менен кыргыз тилинде куттуктады. Видеосун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырды.
"Орозо айт биздин көп улуттуу элибиздин бай, руханий мурасынын ажырагыс бөлүгү. Коронавирус пандемиясында жана Баткен облусундагы акыркы окуяларда элибиз биримдикти, тилектештикти жана чыдамдуулукту көрсөттү. Руханий тазалануу, кайрымдуулук жана жакшы иштерди жасоо сыяктуу баалуулуктар бардык диний ишенимдеги адамдарга бирдей жакын", — деди Новиков.
Ал мекендештерге чың ден соолук, бакыт, тынчтык жана ийгилик каалап, өлкөбүздө бейпилдик жана өнүгүү болсун деген тилегин айткан.